Атын Стамбул коёбуз. Кыргыз аял Стамбул шаарынын аэропортунда көз жарды
26 жаштагы Кыргыз келини Стамбул шаарынын аэропортунда көз жарды. Бул тууралуу түркиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кабылжан Шакесанам жана жолдошу Мухамадал Исмаилов Санкт-Петербургдан Анкара шаарындагы эжесинин баласынын тоюна бара жатышкан. Алардын ымыркайы болжолдуу түрдө 21-февралда жарыкка келмек.
"Бирок, Стамбул аэропортундагы паспорттук текшерүүдөн өткөндөн кийин, кош бойлуу аял өзүн жаман сезе баштаган. Аэропорттун дарыгерлер тобу ымыркайды терминалда эле жарык дүйнөгө алып келишкен. Натыйжада, эне аман-эсен 3 килограмм 200 грамм салмактуу кыз төрөдү. Эне-бала төрөттөн кийин дароо ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.
Бул үй-бүлөнүн үчүнчү баласы. Алардын буга чейин бир уул, бир кызы бар. Атасынын айтымында, алар ымыркайга Стамбул деген ысым берүүнү пландап жатышат, ошондой эле кыздын Түркиянын жараны болушун каалашат. "Кыргыз консулдугу бизге бул мүмкүн эмес деп айтты, бирок алар эмне себептен экенин айтышкан жок", - деп жыйынтыктады Мухамадал Исмаилов.
Кыргыз аял Стамбул шаарынын аэропортунда көз жарды










1 |