super.kg logo

Садыр Жапаров Эрмек Нургазиевди Бишкектин мэри кызматына коюу оюнан кайтканы боюнча президенттик аппарат тастыктай элек

 

Садыр Жапаров Эрмек Нургазиевди Бишкектин мэри кызматына коюу оюнан кайтканы боюнча президенттик аппарат тастыктай элек.

SUPER.KG порталы президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерекке байланышты. "Президент социалдык тармак аркылуу оюн билдирди. Бул боюнча өзү менен сүйлөшө элекмин. Тактап жооп берем. Аны президент чечпейт. Ал жөн гана сунуш берди", - деди ал.

Жаңы дайындалган калаа башчысынын милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев кызматтан алынды.

Бул боюнча президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес", - деп жазып калтырган.

Бул маалыматты тактоо максатында шаардык мэриянын басма сөз кызматына байланышканыбызда маалымат такталып жатканын айтты.

Кечээ, кечинде мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин кызматтан кеткендиги маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: