super.kg logo

УКМК: "Таласта мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдаланып жүргөн мектеп директору кармалды"

 

Талас облусунда мектеп директору мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдаланып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү чөйрөсүндөгү туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Талас облусундагы орто мектептин директору тарабынан мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча катталды.

"2-февралда жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Талас облусундагы орто мектептин директору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ушул мектептин кызматкерлеринен акча алып, жумуштан кетиребиз деп коркуткандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, аталган мектептин директорунун иш бөлмөсүн тинтүү учурунда аталган билим берүү мекемесинин мугалимдерине жана техникалык кызматкерлерине эмгек акыны эсептөө үчүн мезгил-мезгили менен акча каражатын алып турган 9 банк картасы табылып алынды. Учурда бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.02.2021. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабак болуп.башка директорлор да Атамбаев айткандай кысчү жерин кысып калышса экен.
09.02.2021. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул камалбайт деле, бизде закон иштебейт,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: