ИИМ зордукталган эмес дегенине карабастан жактоочу казармандык кыздын видеосун таратууда

7-февраль күнү социалдык тармактарга Алтынбек Артыкбек уулу аттуу жаран бир тууган карындашыма таята, таенеси зомбулук көрсөтүп жүрөт деген видеону ЖМКларга тараткан болчу.
SUPER.KG порталы кыздын бир тууган агасы менен байланышып, андан комментарий алган эле. Анда Артыкбек уулу карындашын Бишкек шаарына алып кетүү ою менен таята, таенесинин үйүнө барганда алар каршы болушуп, кызды таенеси сабаганын айткан. Бул окуянын экинчи тарабы болгон, кызды сабады деген таене менен SUPER.KG порталы байланышкан.
Анда кыздын таенеси: "Кызды 3 жашынан бери багып келе жатам. Шаардан агасы келип, алып кетем деди. Ошондон улам уруш чыкты. Эми кетип каякка барат, мен багып келе жатам. Алып кетем деген неберемди дагы мен баккам. Мен "үй салдыңбы?" деп сурасам жок дейт. Батирде жашайм, ошол жакка кызды алып кетем дейт. Эми ойлосоңор, кыздын буту баспаса, батирде жашаса, аны кантип багат? Анын булганган кийимдерин ким жууйт? Мен бербейм дедим. Кызым өлгөндөн кийин ушул неберелеримди эмне деген азап менен бактым. Эмне деген кордукту көрдүм", - деп айтып берген.
Ал ортодо ИИМ бул окуя боюнча маалымат таратып, окуя боюнча атайын кызматкерлер жерине барганын, дарыгерлер менен текшерүү учурунда кыз зордуктоого кабылган эместигин билдиришкен. Учурда окуя боюнча топтолгон материал Тогуз-Торо РИИБине катталып, милиция кызматкерлери арызда көрсөтүлгөн дарекке райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси менен биргеликте барып, 1996-жылы туулган кыз А.А. менен маектешип, камкорчулары таятасы С.С. жана таенеси А.У.дан түшүнүк каттар алынган.
Анда жабырлануучу кыз өзүнүн берген көрсөтмөсүндө таятасы тарабынан зордуктоо болгон эместигин билдирген.
Бүгүн, 9-февралда жактоочу Шердор Абдыкапаров Казарманга барып кызды Бишкекке алып келе жатышканын айтты.
"Биз кече кечинде Казарманга келдик. Кызга жолуктук. Биз кайрадан соттук-медициналык экспертиза жасадык. Себеби биринчиси жыйынтык туура эмес чыкты, ал эми экинчи жыйынтыкта кыздын кыздык белгиси жок болуп чыкты. Ал арыз жазды. Азыр биз Бишкекке сапар алдык", - деп билдирди жактоочу.








1 |