Иранда коронавируска каршы калкты эмдөө башталды
Иранда коронавируска каршы орусиялык Спутник V вакцинасы менен эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Анда жазылган маалыматка ылайык, эмдөөдөн алгач аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин уулу өттү.
"Иранда коронавируска каршы эмдөө иштери башталды. Орусиялык Спутник V вакцинасын колдонуп жатканына карабай аталган өлкө өзүнүн вакцинасын ойлоп табуу аракетинде", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Ирандын саламаттыкты сактоо министри Саид Намаки алгач медицина кызматкерлери эмдөөдөн өтөрүн айткан. Андан соң жашы улгайгандарга жана ооруп жаткан адамдарга жүргүзүлөрүн айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.