Өлкөдө жыл ичинде катталган өрт кырсыктарынын кесепетинен 578 миллион сомдон ашуун материалдык чыгым келтирилген
Өлкөдө жыл ичинде катталган өрт кырсыктарынын кесепетинен 578 миллион сомдон ашуун материалдык чыгым келтирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган маалыматында айтылат.Анда пандемия учурунда ӨКМ тарабынан дезинфекция иштерин жүргүзүү, бейтаптарды, медицина кызматкерлерин, ИИМдин кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылуу тууралуу маалымат берилди. Бул иш-чараларды жүргүзүүгө жалпы 238 миллион 107 миң сом сарпталган.
Ал эми өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерди жоюу жана куткаруу иш-чараларына бир жылда 68 миллион 923 миң сом акча каражаты керектелген.
Ошондой эле өрт кырсыгы күн санап өскөнү, техника жаңыланбаса кейиштүү абалга туш болуу күтүлүп жатканы белгиленди. "2020-жылы республика боюнча 2 миң 778 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 578 миллион 450 миң 837 сом материалдык чыгым келтирилген", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















