super.kg logo

"Алайку Органикс" компаниясынын тамшанткан эзме куруту

 

Кыргыз элинин дасторконунда улуттук суусундуктардын маанилүү орду бар. Алардын ичинен эзме курут өзгөчөлөнүп турат. Кыргызстандын рыногунда жети жылдан бери салтуу улуттук суусундуктарды чыгарган "Алайку Органикс" компаниясы 2014-жылдан бери даамдуу эзме курутту жигердүү түрдө чыгарууда. Ал бийик тоолуу аймактагы көк шибер чөп жеген малдын сүт азыктарынан жасалган нукуралуулугу менен өзгөчөлөнөт. Заманбап технологияларды колдонуу менен даярдалган бул улуттук суусундук кальций жана түрдүү витаминдер менен байытылган. Бул суусундуктун пайдалуу касиеттерин медициналык изилдөөлөр тастыктап, кан басымы төмөндөргө дартка даба катары сунушталат.

Анын дарылык касиети гана жогору бааланбастан "Алайку Органикстин" эзме куруту балалыктын баалуу даамына жетелейт. Тагыраак айтканда, чоң энелер сырттан үшүп келген балдарга курутту майдалап, үстүнө кайнак суудан куюп эзип, ысык боюнча берчү. Бул тоюмдуу жана калорияга бай улуттук продукцияны ата мекендик компания ошол ата-бабалардан калган жол-жобо менен чыгарып, элге жеткирүүдө. Өзгөчөлүгү нукура таза, эч кандай аралашмасы жок куруттан даярдалат. Ал эми табигий таза азыктар жергиликтүү фермерлерден сатып алынууда. "Алайку Органикстин" тамшанткан бул суусундугу Кыргызстандын рыногунда кулачын кенен жайууда.

2020-жылдан тартып Бишкек шаарындагы супер маркеттеринде, жарманкелерде дегустациялар уюштурулуп, промоутерлер ысык курут таркатып келүүдө. Андан даам таткан кардарлар компаниянын заман талабына жараша идиштерге куюлган эзме курутун дүкөн текчелеринен көргөндө кыя өтпөйт. Улуу элдин тарыхынын даамын таттырган продукцияны учурда "Алайку Органикс" компаниясы гана чыгарууда. Ишкана мындан тышкары импорт товарларга тең ата боло турган ден соолукка пайдалуу нукура улуттук суусундуктардын түрүн чыгарып келүүдө. Бул ата мекендик компаниянын продукциялары Кыргызстандын гана эмес жакынкы өлкөлөрдүн дагы рыногун багындырууда.

"Алайку Органикс" компаниясынын азыктары тууралуу малымат алып тууру үчүн шилтеме.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: