super.kg logo

Жалал-Абад шаарында унаа карактаган кылмыштуу топ кармалды

 

Жалал-Абад шаарында унаа карактаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү Жалал-Абад шаарынын 35 жаштагы тургуну М.З. арыз менен кайрылган. Анда 23-январдан 24-январга караган түнү үйүнүн алдында турган өзүнө таандык болгон БМВ үлгүсүндөгү автоунаасынын арткы эшигинин айнегин сындырып унаанын салонунан магнитафонун, алдыңкы бамперин жана воздухомерин белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкен.

Мындан тышкары, 6-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын 1986-жылы туулган тургуну А.А. арыз менен кайрылган. Анда унаа оңдоочу жайдан ремонтто турган БМВ үлгүсүндөгү унаасынын радиаторун, 2 даана фара, магнитафон, аккумулятор, бир даана күзгүсүн белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин жана ага жалпы 38 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "Уурулук" негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, январь айында болгон фактыга байланыштуу кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну 19 жаштагы К.Р. кармалып, кылган кылмышын толугу менен моюнуна алган.
Ошондой эле февраль айында болгон окуя боюнча кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургундары ошол эле К.Р. жана 19 жаштагы А.А. 20 жаштагы М.И. кармалышып, тиешелүү далил буюмдар алынып тергөөгө өткөрүлүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: