super.kg logo

Жогорку сот Нариман Түлеевди актады

 
Жогорку Соттун 9-февралга карата токтомуна ылайык, буга чейин соттолгон Нариман Түлеевдин жактоочусунун келтирилген өтүнүч каты жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу канааттандырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук сотунун 2013-жылдагы, Бишкек шаардык сотунун 2014-жылдагы жана Жогорку Соттун 2015-жылдагы айыптуу өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыкты. Ошондой эле аларды кайра кароого Ленин райондук сотуна жиберилди.
Эске салсак, Нариман Түлеев 2008-жылы Бишкек шаарынын мэри кызматына шайланган. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин кызматтан кеткен. 2012-жылы ага "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 2013-жылы 11 жылга камакка алуу боюнча соттун өкүмү чыккан.
Кийин 2016-жылы айып пул төлөп, мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Ал эми 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу кызматына кайтып келип, нааразычылыктардан улам кайра бошогон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
09.02.2021. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жагы жомок болуп кетип жатат го туугандар ыя?
09.02.2021. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мэрлик креслого сунушталабы дейм
09.02.2021. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bolotbek9191,Караванды кайра бергиле сүттөн ак экен.Өз каалоосу менен төлөгөн акчаларын дагы кайтаргыла,камаган, сотторду камагыла, Түлеев ак болсо Кыргызстанда корупционер жок.
09.02.2021. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Госто иштеп айлыгына кантип байыган анда ак болсо
10.02.2021. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кашабыз чыгып,аралашып эле калдык ко.Ушунчалык закон иштебеген мамлекет болдукпу?
Alinur96kg түзөттү 2021-02-10 06:24:19
10.02.2021. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болтуруктор келетат жол бошоткула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: