super.kg logo
  Спорт  

Өлкөдө биринчи жолу дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпиондугу өтөт

 

Кечээ, 9-февралда Бишкек шаарында дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпиондугуна даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө арналган маалымат жыйын өттү. Иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев жана дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев катышты.

Канат Шабданбаев дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпиондугу биринчи жолу Кыргыз өлкөсүндө өтүп жатканын айтты: "Аталган мелдешти өткөрүү Кыргыз өлкөсүндө дзюдо күрөшү үчүн абдан маанилүү окуя болуп турат. Чемпиондук Бишкек шаарындагы «Газпром – балдарга» ден соолукту чыңдоо борборунда 6-апрелден 9-апрелге чейин өтөт. Бул мелдеш олимпиада оюндарына рейтингдик болуп эсептелет. Чемпиондукка 30дан ашык Азия мамлекеттеринен 400-500 спортчунун катышуусу пландаштырылып жатат.
Бүгүнкү күндө мелдештин өткөрүү жобосу бекип, ага ылайык чемпионатты ийгиликтүү өткөрүүгө бардык иш-чаралар аткарылып жатат".

Ошондой эле ведомствонун директору чемпиондукту өткөрүү үчүн мамлекеттик агенттиктин бюджетинен 12 миллион сомго жакын каражат каралганын белгиледи. Ал дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө чемпиондукка жакшы даярдык көрүп, байгелүү орундарды багынтууну каалап өттү.

Жолдошбек Көлбаевдин айтымында, Азия чемпиондугу эл аралык дзюдо федерациясы бекиткен алгоритмге ылайык өткөрүлөт: "Мелдеш көрүүчүлөрсүз өтөт. Бирок дзюдонун күйөрмандары үчүн жергиликтүү телеканалдардан түз эфирден көрсөтүлүп, Бишкекте фан зоналар уюштурулат. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди аткаруу боюнча биздин адистер тийиштүү иштерди баштады".

Ал спорттук иш-чаранын программасынын алкагында Азия дзюдо федерациясынын конгресси өтөрүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: