super.kg logo

Баткен казыяты аялдар үчүн “Ыйман жан дүйнө азыгы” деген темада окуу семинарын өткөрдү

 

Бүгүн, 9-февраль күнү Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан аялдар үчүн “Ыйман жан дүйнө азыгы” темасында лекция уюштурулду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара алкагында облус казысы Пазыл Султанмуратов аталган темада баяндамасын жасап, Исламдагы аялзатынын ордуна токтолгон. Анда үй-бүлө курууда бойго жеткен кыздарды убагында турмушка берүүнүн зарылдыгын, аларды турмушка даярдоодо Исламдын принциптерине маани берүү пайдалуу экенин баса белгилеп, балага тарбия берүүдө эненин курсагында болгон кезде калыптанаарын айткан.

“Эне баланы эмизип турган абалда ар түрдүү жаман адаттан көзүн сактасын, себеби эненин көзү аркылуу кабыл алынган адаттар сүт аркылуу балага өтөт. Балага жаңы төрөлгөн чүрпө кезинде кулагына жакшы сөздөрдү айтып, тарбия берүү маанилүү.

Баланын тарбияны кабыл алууга муктаж учурун ар бир ата-эне байкап, ошол кезде балага ушак, гыйбат сөздөрдү угузуудан сактап, жакшы өрнөктөрдү үйрөтүүсү зарыл. Эне деген мектеп - бул коомдун келечегин тарбиялоонун башаты", - деген Султанмуратов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: