Ош шаарында коомдук транспорттордо санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд жүрдү (сүрөт)
Бүгүн, 9-февралда Ош шаарында коомдук транспорттордо санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштерине Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчилиги, адистери жана шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышкан.
"Вице-мэр ар бир жаранды өзү үчүн жооп берип, жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Билим берүү мекемелери ачылып, шаарда элдин агымы көп болгондугуна байланыштуу, күчөтүлгөн тартипте түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт деп кошумчалады. Текшерүү иштеринин алкагында автобустардын, троллейбустардын, ошондой эле маршруттук каттамдардын санитардык эрежелери жана тазалыгы текшерилип, карантиндик нормаларды бузгандарга эскертүүлөр берилди. Эң негизгиси каттамдардын ар бириндеги антисептиктердин бардыгы, жүргүнчүлөрдүн бет кап кийүү тартибине көңүл бурулду. Текшерүү иштери уланат", - деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















