"Гүлжигит Алыкулов ийгилик каалады". "Ак шумкарлардын" оюнчусу Алимардон Шүкүров беларустук клубга өттү



Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров Беларусь өлкөсүнүн "Неман" футболдук клубуна өттү. Мындай маалымат аталган футболдук клубдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 21 жаштагы Алимардон Шүкүров менен "Неман" клубу үч жылдык келишим түзгөн. Буга чейин аталган клубда белгилүү футболчу Гүлжигит Алыкулов ойноп кеткен. Ал "Неман" клубунун баракчасына "Ийгилик каалайм, досум" деген билдирүүсүн жазды.
"Неман" футболдук клубу Беларусь өлкөсүнүн Жогорку Лигасында ойнойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.