Пландар го көз күйдүрөт... Өкмөттө 5 жыл ичинде 7 миңден ашык үй-бүлөнү турак-жай менен камсыздоо талкууланды

Өкмөттө 2021-2026-жылдары 7 миң ашык үй-бүлөнү турак-жай менен камсыздоо тууралуу долбоор талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Премьер-министр Улукбек Марипов жумушчу кеңешмеге катышып, анда Экономика министрлиги "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому менен биргеликте иштелип чыккан "Менин үйүм 2021-2026" өкмөттүн программасынын концепциясынын долбоору тартууланды.
Программа долбоору аркылуу 2021-2026-жылдары 7 миң 500дөн кем эмес үй-бүлөнү турак-жай менен камсыздоо, жалпы аянты 150 000 чарчы метрден кем эмес турак-жай сатып алууну жана курууну каржылоо, жалпы суммасы 5 миллиард сомдон кем эмес инвестиция тартуу, 1 миллиард сомдон кем эмес суммадагы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу каралууда.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча өкмөттүн "Менин үйүм 2021-2026" программасынын концепциясынын долбоорун жактыруу чечилди.
Жакынкы арада өкмөт тарабынан "Менин үйүм 2021-2026" программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алынат.
Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга өнөктөш-банктар жана донорлор менен биргеликте мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ченди кыскартуу жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды.
кошулду
