super.kg logo

Турдакун Усубалиевдин үй-бүлөсү анын чыныгы кызматтык унаасын көрсөттү

 

Турдакун Усубалиевдин небереси чоң атасынын кызматтык унаасынын сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Эсен Усубалиев Маданият министрлигинин Садыр Жапаровго белек кылынган унааны чоң атасы Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп турганда пайдаланган унаа дегенине кошулбайт.

"Алар бул автоунааны ким белек кылганын далилдери менен жазышы керек эле. Экинчиден, Турдакун Усубалиевдин ысымын саясий максаттар үчүн колдонуп калуу ойлору бар экендиги байкалып калды. Биздин өлкөдө жөн гана эч нерсе жасалбай тургандыгын моюнга алыш керек. Үчүнчүдөн, эгер кимдир бирөө Турдакун Усубалиевдин тарыхый эстелигин чын жүрөктөн сактап калгысы келсе, анда ал бул унааны Тарых музейине өткөрүп бериши керек болчу же андан да жакшы, аны тарыхый мекенине, Кочкорго таштап, анын туугандары эстеликке кандай кам көрөрүн көрсөтүшү керек эле", - деген оюн билдирген.

Анын айтымында, фондго Турдакун Усубалиевдин бир гана кызматтык максатта колдонулган унаасы жөнүндө маалыматы бар. Ал 1974-жылы чыккан Газ 13 Чайка унаасы.

Буга чейин Кочкор районунун Бакай аттуу тургуну Турдакун Усубалиевдин унаасын Садыр Жапаровго белек кылган. Бул унаа Усубалиевге белек катары берилип, нарындык жердештер аны сактап калышкандыгын билдирген. Усубалиевдердин үй-бүлөсү ошол жылдардагы мамлекеттик ишмер мындай белек алган эмес дешкен. Андан кийин Маданият министрлиги аталган унаа Усубалиевдин кызматтык унаасы болгондугун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
10.02.2021. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куру пиар мн пайда көрүү да
10.02.2021. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
уаз менен жүрбөсө деле керек, а бу ваз чайка чыныгы башчылардын машинасы экен
10.02.2021. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тоолуу жерлерге бул чайканар чыга алганбы ошол мезгилдерде?? Деген суроонун артында суроо жатат (балким тоолуу жерлерди кыдырганда пайдалангандыр жок дегенде бир эки жолу)
10.02.2021. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Убагында Усубалиев Совет-Абадды Озбекстанга жон эле белекке берген.Чайханада чай устундо ошол мезгилдеги Рашидовко .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: