Искусство институтун бүтүргөн. Баш калаага башчы болуп келген Бактыбек Кудайбергеновдун өмүр баяны
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп бүгүн, 10-февралда Бактыбек Кудайбергенов дайындалды.
Ал 1962-жылы 8-декабрда Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылында туулган. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын жетинчиси. 1987-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юриспруденция адистин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1987-1988-жылдары Ивановка мамлекеттик атайын колхозу, маданият үйүнүн жетекчиси болуу менен баштаган.
Бактыбек Кудайбергенов 2012-2015-жылдары Чүй облусунун Ысык-Ата районунун администрация башчысы кызматын аркалап, 2015-жылдан 2017-жылга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген.
Ошондой эле 2020-жылы "Кыргызстан" саясий партиясы менен бирге шайлоого аттанып, талапкерлигин койгон. Мындан тышкары, "Ысык-Ата районунун бокс федерациясы" коомдук бирикмесинин жетекчилигин аркалаган.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















