"Мен Садыр Жапаровдун эң жакын жактоочусу болчумун". Акин Токталиев кызматтан эмне себептен кеткенин түшүнбөй калганын айтты
Акин Токталиев дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорлук кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ал эми Акин Токталиев кызматтан эмне себептен кеткенин түшүнбөй калганын SUPER.KG порталына билдирди.
"Эмне себеп болуп кеткенин өзүм да билбей, түшүнбөй калдым. Башка президент кызматтан бошотсо өз кишисин койду го деп түшүнөт элем. Мен бул президенттин өз кишиси болчумун да. Инаугурациянын алдында муфтиятка келип, мени тааныштырып, үй-бүлөлүк адвокатым деп айтты эле. Жардам беребиз деп мени мактап, жактап кеткен. Садыр Жапаровдун 10дой жактоочусу болгон. Анын ичинен эң жакыны мен болчумун. 10 жылдан бери жактоочусу болуп жүрөм. Өзү байланышка чыккан жок. Президенттик аппараттын башчысы мени чакырып алып, сиздин тагдырыңыз чечилип калды деп айтты. Мен бул кызматка жан талашып барган эмесмин", - дейт Токталиев.
3

Супер-Инфо
super.kg видео


















Садырдын жакын адамы болчумун дебей оз оокатынарды кылгыла. Акин башка адамдардын оюн эске албай эле Кыргызстандан светтик тушунукту алып салабыз деген элдин кыжырын келтирген. Кыргызстан мусулман олкосу болгону менен элдин басымдуу болугу мечитке барып сыйынбайт. Ошону бийликтерилер эске алыш керек. Эл салттуу мусулманчылыкты гана карманып коюшат. Негизинен шаар жана айыл жергесинде элдин басымдуу болугу светтик жашоону карманышат.
Туура Кыргызстан светтик багыт менен гана онугуш керек. Светтик мамлекетте баардык адамдардын укугу бирдей колголот. Мусулманчылыкты карманууда биз бир гана руханий баалулуктарды карманыш керек, бирок азыркы келип жаткан ислам диний кобунчо араб элдердин салтына басып жасап жатат. Бул туура эмес.