Депутат Бокоев премьер-министрди мэрдин милдетин аткаруучуну дайындоодо мыйзам бузбоого чакырды
Депутат Кенжебек Бокоев премьер-министрди мэрдин милдетин аткаруучуну дайындоодо мыйзам бузбоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бир нече күндөн бери Бишкек шаарынын мэрин убактылуу дайындоо боюнча ызы-чуу болуп жатат. Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө парламентте болуп жатат. Ошондуктан мыйзамдын нормасын өкмөткө эскертип коёюн. Шаардын мэри кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда шаардын мэри шайланганга чейин биринчи вице-мэрге жүктөлөт. Биринчи вице-мэрдин кызмат орду жок болгон учурда вице-мэрге жүктөлөт деп мыйзамда так жазылган. Урматтуу өкмөт башчы, убактылуу мэрди шайлаганда ушул мыйзамды караш керек. Сырттан башка талапкерлерди алып келүүнүн кереги жок. Бул мыйзамдын талабы. Өкмөткө реакция кылып коёлу", - деди ал.
2
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео

















