Тажикстан тарап Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча үн катты
Тажикстан Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн саясий өкүлү тарабынан айтылган пикирге жооп берди. Бул боюнча аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды
Андагы маалыматка ылайык, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана демаркация иштери аягына чыга элек. Эки тараптын ортосунда сүйлөшүүлөр али уланууда.
"Айтылып жаткан суу башы тууралуу сөздөр эки тараптын сүйлөшүүлөрү аяктаганча, эл аралык укукка ылайык, делимитацияланбаган болот. Азыркы учурда кайсы аймакка берип коюу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес.
Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги эки тууган өлкөнүн чек арадагы абалын курчутуп жибербөө максатында саясий өкүлдөрдөн чек ара тууралуу абайлап сүйлөөгө чакырды", - деп жазылат аталган өлкөнүн маалыматында.
Белгилей кетсек, премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу айтып жатып, каналдын башы өтүп кеткенин айткан. Депутат Тазабек Икрамов Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу маалымат берилиши керек деген маселени көтөрүп чыккан.
Бул боюнча өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирген.





1 |