super.kg logo

Өлкөдө кавасаки синдромуна окшош дарт менен күрөшүп жаткан 15 баланын абалы орто оор

 
Өлкөдө 15 бала кавасаки синдромуна окшош илдет менен жабыркап, дарылануудан өтүп жатат. Бейтаптардын абалы бүгүнкү күндө орто оор деп бааланып жатканын Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.
Айтымында, Кавасаки синдрому адамдын бир катар системин жабыркатат, мындан улам ооруну мультисистемдин сезгенүүсү дешет. Иммунитеттин төмөн болушу жана COVID-19 илдетинин жайылышы бул ооруну кабыл алууга шарт түзөт.
"Кавасаки синдромуна окшош илдет менен жабыркагандардын дээрлик баары балдар (2 жаштан 17 жашка чейинкилер). Мультисистемдик сезгенүү балдар арасында көп кездешет. Бул ооруга чалдыккандардын эң биринчиден жүрөк-кан тамыр системи, өпкөсү, ичегилери, борбордук нерв системи, теридеги кан тамыры жабыркап, муундары, булчуңдары ооруйт".
Бүгүнкү күндө жогорудагы илдетке кабылгандарды дарылоо бөлүмү өлкө боюнча бир гана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бар. Аталган медициналык жайга республиканын бардык аймактарынан келген бейтаптар дарыланууда.
"Бизге келген бейтаптардын ичинен эки баланын абалы өтө оор болчу. Тиешелүү дарылануудан кийин абалдары турукташып калды. Бүгүнкү күндө бардык бейтаптардын абалы орто оор. Жаңы жылдын алдында керектүү дары-дармектерди алып койгонбуз, медициналык каражаттар жетиштүү. Бизге келген балдарды дарылоодон мурда дарыгерлердин консилиуму болот", - дейт адис.
Илдеттин белгилери:
* дене таптын көтөрүлшү;
* дем алуунун кыйындашы;
* денеде кызыл тактардын пайда болушу.
Эгер жогорудагы белгилер байкалса тез арада медициналык жайга кайрылуу зарыл.
Кавасаки синдромуна окшош же мультисистемдин сезгенүүсү менен жабыркаган алгачкы бейтап Кыргыз өлкөсүндө 5-6 жыл мурда катталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: