Кыргыз өлкөсүндө бир айда 22 миңге чукул чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар каттоодон өттү
Ушул жылдын январь айында Кыргыз өлкөсүндө 21 миң 328 чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адамдар каттоодон өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын 21 миң 328 жарандын ичинин 11 миң 191и Орусия Федерациясынын жана 1426сы Казакстандын жараны болгон.
"Бирок өлкөдө өзгөчө кырдаал жана карантиндик чектөөлөрдүн киргизилиши менен өкмөттүн 2020-жылдын 19-майындагы №256 токтомуна ылайык чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Казакстан жана Орусия Федерациясынын жарандары, өлкө аймагында болуу мөөнөтүн узартууну кааласа, өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал жокко чыгарылган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде каттоону узартууга милдеттүү.
Өлкө аймагында же анын айрым жерлеринде көрсөтүлгөн 10 күндүк мезгилдин ичинде жазалоо чаралары колдонбостон каттоо жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Орусиянын жана Казакстандын жарандары Кыргыз өлкөсүндө убактылуу болуу мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпашы керек.
