super.kg logo

Араван районунда 42 жаштагы жарандын үйүнөн 1 килограммдан ашык гашиш баӊгизаты табылды

 

Ош облусунун Араван районунда 42 жаштагы жарандын үйүнөн 1 килограммдан ашык гашиш баӊгизаты табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү Араван РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын тургуну 42 жаштагы А.Ш. аттуу жарандын үйүнөн салмагы 1 килограммдан ашык болгон өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.

Алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча гашиш баӊгизаты экендиги аныкталган. Учурда бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып тергөө иши башталды. Ал эми кылмышка шектүү 42 жаштагы А.Ш. Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: