"Иттерди атууга каршы". Бишкек мэриясынын алдында түштөн кийин экинчи митинг болуп өттү
Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын алдында кароосуз калган үй жаныбарларын коргоо боюнча тынчтык митинги болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири Айгерим Акерова билдирди.
Анын айтымында, мэриянын алдына шаардыктар жолбун иттердин атылышына каршы болуп, анын башка жолун, башкача айтканда, стерилдөө жана чиптөө сунушун киргизишкен.
Мындан тышкары, митингчилер эгер мэрияда кароосуз калган жаныбарларга баш калкалоочу жай курууга каражат жок болсо, анда алар эл аралык уюмдарга кайрылууга даяр экендигин билдиришти. Чогулгандар менен вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жолуккан. Ал иттерди атууга бир айлык мораторий жарыялаганын айтып, мессенжерлерде жумушчу топ түзүлүп, анда ушул маселелерди чечүү жолдору караларын убадалаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















аткандай кылып. Бирок коркосун кутурган ит тиштеп коюп атпайбы, аларды атыш керек да.