super.kg logo

Англияда 70 жыл чогуу түтүн булаткан түгөйлөр 3 күн айырмасында каза болушту

 

Англиянын Партингтон шаарынын жашоочулары 70 жыл чогуу түтүн булаткан жубайлар, коронавирус жуктуруп алышкан. Вирустан улам биринчи жолдошу көз жумса, үч күндөн кийин аялы көз жумган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Маргарет менен Дерек Фирт бири-бирин кичинекей кезинен бери сүйүп келишкен. Алар 1950-жылы баш кошуп, 70 жыл чогуу жашашкан.

2020-жылы 91 жаштагы жубайлар экөө тең ар кандай оорулар менен ооруканага түшкөн. Кийинчерээк, Маргарет башка ооруканага которулган. Дарыгерлер бейтаптын өмүрүнөн чочулашкандыктан Дерек жубайы менен жүргөн. Кийинчерээк экөө тең COVID-19 оорусуна чалдыгып калышкан.

Жубайлардын 50 жаштагы кызы Барбара атасына коронавирус апасына барганда жуккан деп божомолдойт. "Бирок ал анын жанына барбайт деп элестетүү таптакыр мүмкүн эмес болчу" дейт ал. Айтымында, жубайлардын жолугушуусунан кийин Маргареттин абалы жакшырып калгандай сезилген. Бирок, Дерек 31-январда көз жумган, ал эми аялы андан үч күндөн кийин көз жумган. Фирттердин беш баласы, 11 небереси жана төрт чөбөрөсү бар. Күйөөсү менен аялы каза болгонго чейин үч апта мурун АКШнын Огайо штатында 70 жылдык мааракесин белгилешкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.02.2021. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы булактан алынганына шилтеме берип жазганды качан уйроносунор супер инфо? Муну мисалы ВВС жазды. Силер бир нерсени жазганда оюнардан чыгарып койдунарбы кайдан билебиз чет элдик басылмалао жазып чыкты дей бересинер
11.02.2021. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйүүсү түбөлүктүү түгөйлөрдөн экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: