УКМК: "Муфтий Максат Токтомушев кармалды"
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максат Токтомушев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Токтомушев ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга барган.
"Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Ж.Б. карата Мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий Максат Токтомушев «Хаджга» ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынды.
Алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 10-февралында муфтий Максат Токтомушев кылмышка шектүү катары кармалып УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жогорудагы фактылар боюнча тергөө улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча бардык кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилип, ал жөнүндө коомчулукка маалымдалмакчы", - деп айтылат маалыматта.


Акча, бийлик, кызмат бар жерде созсуз коррупция бар. Андыктан муфтият коррупцияга маалынганы эчактан бери эле айтылып келген. Буга чейинки бийлик алардын баарын жашырып келген. Мыйзам алдында молдосунбу, депутатсынбы, министр, мугалим, врач бирдейбиз. Муфтияттын ишин терен изидесенер миллиондогон доллар акчаларды жешкен. Садыр Жапаров диний тармакты катуу козомолго алуусу керек. Диний тармака араб олколорунон миллиондогон доллар агылып келип жатат.