super.kg logo

Ысык-Көлдө опузалап акча талап кылганга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

 

Ысык-Көл облусунда опузалап акча талап кылганга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-февраль күнү Элдияр аттуу бала өзүнүн эки таанышы менен Түп районунун Шаты айылынын 32 жаштагы тургунуна келишип, опузалоо жолу менен андан 410 миӊ сомун жана 2 миӊ долларын тартып алышканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-берене "Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү адамдардын аты-жөнү аныкталган. Алар ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ыкчам каттоосунда турушкан Чолпон-Ата шаарынын тургундары 22 жаштагы Э.Э. жана 29 жаштагы Ш.Р., ошондой эле Талас облусунун тургуну 24 жаштагы Р.А. болуп чыгышты. Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн жүргөн жерлери аныкталып, ошол жерден колго түшүрүлдү. Опузалап акча талап кылууга шектелип кармалышкандар соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
11.02.2021. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Челектерго арам акчага семирген!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: