super.kg logo

Премьер-министр өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү

 

Премьер-министр Улукбек Марипов өлкөдөгү коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө жалпы билим берүү мектептеринин жана бала бакчалардын ишин ырааттуу жандандыруу, калкты ыктыярдуу түрдө COVID-19дан массалык вакцинациялоого даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Белгиленгендей, COVAX программасынын алкагында вакциналардын биринчи партиясы республикага үстүбүздөгү жылдын март айында алып келинет, ал эми экинчи бөлүгү экинчи кварталда жеткирилмекчи.

Мындан тышкары Орусияда жана Кытайда чыгарылган вакциналарды пайдалануу маселеси иштелип чыгууда.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов калкты, биринчи кезекте билим берүү жана медицина тармагынын кызматкерлерин ыктыярдуу вакцинациялоо боюнча ишти ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Коңшу өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алуу боюнча катталган окуялар бизди кооптондурууда. Өлкөнүн бардык медициналык мекемелери оорунун саны көбөйүү ыктымалдыгына толугу менен даяр болушу керек. Өзгөчө ооруканаларда суюк кычкылтекти берүү тутуму орнотулушу маанилүү. Эпидемиологиялык абалдын начарлашынын ыктымалдыгын эске алуу менен дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасынын көлөмү үзгүлтүксүз көзөмөлдө болууга тийиш. Ошондой эле зарыл дары-дармектердин корун жогорулатуу керек", - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр саламаттыкты сактоо тутумун санариптештирүү боюнча ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Экономика жана финансы министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.02.2021. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо кайра жабылып калбайбы ачылган садик мектептер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: