super.kg logo

Депутат Мирлан Бакировдун тууганы кармалып, үй камагына чыгарылды

 

"Кыргыз жылуулук коммуналдык энерго" мамлекеттик ишканасынын Кочкор-Ата шаардык филиалынын жетекчиси Төлөн Бакиров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, ал Жалал-Абад шаарында Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасын жетектеп турганда көчөт сатып алуу боюнча бюджетке 612 миң 800 сом зыян келтирген.

"2020-жылдын март айында тик өсүүчү арчанын (туя) бир көчөтүн 2 миң 600 сомдон сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Муниципалдык ишкананын тендердик комиссиясы тарабынан арзаныраак баа сунуштаган жеке компания жеңүүчү деп табылган. Бирок ишкана жетекчилиги өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир даанасы 742 сом турган башка сорттогу көчөттү алып келген. Бул иш боюнча Төлөн Бакиров 9-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми 10-февралда Жалал-Абад шаардык соту баш коргоо чарасын карап, ал келтирилген чыгымды мамлекетке төлөп бергенден кийин үй камагына чыкты", - деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров менен Төлөн Бакиров ага-ининин балдары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.02.2021. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бүт эле жегич болуп кеткен го
11.02.2021. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колдорун кесиш керек
11.02.2021. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекер деп талдан эле тигип койбоптур да!
11.02.2021. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттын тууганы камалчы беле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: