"Кызыл кийсең жарашып, кылчайып баары карашып". Валентина Шевченконун дагы бир суктанарлык сүрөтү
Мушкер Валентина Шевченко өзүнүн Твиттер социалдык тармактагы баракчасына көпчүлүктүн көз жоосун алган сүрөтүн жүктөдү.
Сүрөттө мушкер көйкөлгөн кызыл көйнөк кийип абада калкып тургандай элес калтырган. Көпчүлүк колдонуучулар өздөрүнүн жакшы ой-пикирлерин сүрөттүн алдына калтырып Шевченко күчтүү гана эмес, керек учурда назик да боло ала турганын жазышкан.
Эскерте кетсек, буга чейин Валентина Шевченко жазында жеңил салмак боюнча рейтингде биринчи орунда турган бразилиялык мушкер Жессика Андраде менен беттешиши мүмкүн экендиги белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Кол кайтарса керек а?
Кучум жетсе керек бирок, аялгу баары бир. Мушташып калсак нармалный удардан берсем коркуп калса керек.