Кинодраматург жана сценарист Баян Сарыгулов 72 жашында дүйнө салды
Кинодраматург, сценарист Баян Сарыгулов 72 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Кыргыз кинематографисттер департементинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Баян Сарыгулов кечээ, 10-февралда каза болгон.
Баян Сарыгулов 1949-жылы 21-ноябрда Талас облусунда төрөлгөн. Ал Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун журналистика адистиги боюнча аяктаган, ошондой эле сценаристтердин жогорку курстарын аяктаган.
1993-1999-жылдары Кыргызстан кинематографисттер союзун жетектеген. 2000-жылдардын башында ал "Кыргызстан хроникасы" англис тилинде чыккан гезиттин башкы редактору болгон.
"Кыргызтелефильмдин" башкы редактору да болгон. Ал бул кызматта 2009-2011-жылдары жана 2017-2020-жылдары иштеген.
Баян Сарыгуловдун белгилүү сценарийлери - "Эл арасындагы бөлтүрүк", "Бобо Аминдин жөнөкөй жашоосу", "Ажыдаардын үңкүрү" (анимациялык фильм).

