Түштүк Кореянын премьер-министри Улукбек Мариповду өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады
Түштүк Кореянын премьер-министри Чон Се Гюн Улукбек Мариповду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулган 1992-жылдан тарта биздин өлкөлөр ар кыл тармактарда тыгыз кызматташып келүүдө. Биздин мамилелер активдүү өнүгүүдө жана жогорку деңгээлде турат. COVID-19 пандемиясына жараша түзүлгөн кырдаалга карабастан биздин өлкөлөр ар кыл багыттагы, анын катарында электрондук өкмөт, саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтык тармагын кеңейтүүдө. Сиз менен бирдикте биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө өбөлгө түзүүчү келечектеги тыгыз кызматташууга ишеним билдирем", - деп айтылат куттуктоодо.

