Максат Токтомушевдин камалышынын чоо-жайы. Жактоочу окуяны саясий чечим деп эсептейт
Мурунку муфтий Максат Ажы Токтомушевге козголгон кылмыш иши саясий мүнөздө. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Акин Токталиев SUPER.KG порталына билдирип, мурунку муфтий камакка алынганга чейинки окуяларды ийне-жибине чейин айтып берди.
- Сиз бул чөйрөдө жүргөн адам катары айтсаңыз, муфтияттагы ызы-чуу ич ара мурун эле уланып, анан жарылганда коомчулук билди окшойт. Максат Токтомушев кармалганга чейинки окуялар менен тааныш болсоңуз керек?
- Ооба, ич ара баары мага белгилүү. Мени инаугурацияга чейин 24-январда Арзыбек Бурханов чакырып алып, "сага өзгөчө жумуш бар, анткени Садыр Жапаров тапшырма берди, мага келип жолугуп кет" деди. Мен Бурхановго жолуксам "муфтийди чакырып айтыңыз, арыз жазсын, өз абийри менен кетсин, эгер өз каалоосу менен кетпесе жаман болуп калат" деди. Бурханов деген президенттин эң жакын кишиси экен, ал өзүн Жапаровдун кеңешчисимин деп тааныштырды. Эмнеге экенин сурасам ал "Максатбек ажыны жумуштан бошотуу керек, кызматтан кетпесе, өзүнө жаман болуп калат, текшерүү жиберебиз камалып калат" деди. Мындан тышкары андан "каматам дегениңерге, эмне жүйөө бар?" деп сурасам, "анын ичип жеп койгондору бар экен, көп экен" деп жооп берди. Анан ал Султан Гапуров дегендин резюмесин колума карматып, "ушул киши муфтийдин милдетин аткаруучу болот, инаугурация бүткөндөн кийин ал муфтий болуп шайланат" деди.
Мен анан муфтийди чакырып алып "сени каматам деп атат, арызданып келиптир, ичип жегениң көп экен" дедим. Мына ушул мага айтылган сөздөрдү төкпөй чачпай Максатбек ажыга айтсам, ал "менин ичип жеген эч нерсем жок, бүт баары таптаза, корко турган эч нерсем жок, мен кет десе кете бере турган эч кандай ыплас иш кылган жокмун. Мен мыйзамдуу жол менен кетем. Анткени ажылыктан канча акча түштү, эмне үчүн ажыга барбай калдык, акчанын канчасы банкта жатат ушуларга отчет беришим керек. Ооба, ажылыктан түшкөн акчалардан коротконбуз, ал короткон акчалар 200дөн ашык дин иштерине жумшалды. Анткени өлкө боюнча муфтийлер, казылар бар ошолорго айлык төлөп жатабыз. Ошолордун баарын түшүндүрүп беришим керек. Ал акчалардын баарынын орду бар, мен бир тыйын да алган жокмун, ушуларды айткандан кийин гана кызматтан кетем" деди.
Ошондо Максат Токтомушев бул маалыматтарды сизге качан айтып жатат?
Бул маалыматтарды ал мага 24-январда түштөн кийин айтып жатат. Ошол учурда Бурханов мага 3-4 жолу телефон чалып "муфтий келдиби арыз жаздыбы?" деп сурап жатты. Мен "жок жазбайм деп жатат" деп жооп бердим. Анда ал "айт, арыз жазсын, жазбаса жумуштан кетет, кетпесе уяткарып акмагын чыгарып кетиребиз" деди.
Мен "мыйзам менен кетсин, мыйзам жолу менен отчет берип кетем деп жатат" деп жооп бердим. Анан бул ызы-чуу президентке чейин угулат. Андан соң президент 25инде саат 11де кишилерди муфтиятка чогултат.

Ал жерде Абдышүкүр ажы Нарматов баш болгон аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бар болчу. Анан талкуу жүрөт, аалымдардын төрагасы Абибулла "муфтий кетсин" деп айтат. "Мунун акыйдасы туура болбой калды" десе, экинчиси башка нерсени айтат. Анан муфтий "ооба, анча-мынча акча жетпей калды, мына ошонун баарын тең отчетун берем" дейт.
Ошентип түшүндүргөндө президент ошол жерде айтат "эми мунуңар ич арада калсын, ар жакка чыгып кетпесин, ушинтип молдокелер акча жеп коюптур деген ызы-чуу чыгып, бир жерге катталып калса, анда чатак болот. Ревизоруңар бар экен, мен дагы бир ревизор кошуп берейин, калганын өзүңөр таап кошкула, ызы-чуу салбагыла, тынч бүтсүн. Убактымдын тар болгонуна карабай силерге келдим" деп муфтий менен сүйлөшүп, бири-биринен кечирим суратып анан тарап кеткенбиз. Ошондой эле Жапаров "биз бул жакка кийлигишпейбиз, өзүңөр тазаңарды, уюштуруучу жөндөмү бар кишиңерди шайлап алгыла" деп кошумчалаган.
Президент менен жолугушуу учурунда Бурханов Максат ажы иштей албайт деп айтат. Ошол жерден президент "мен муфтий алмашсын деген тапшырма берген эмесмин" деп Бурхановду урушат. Ошондо Бурханов ага элдер арызданып келгенин жүйөө келтирет. Анан мен "сага бирөө жарым арызданып келсе, мага эч ким арызданып келген эмес" дейм.
Эмне үчүн элдер Бурхановго арызданып барышат, анын муфтиятка кандай тиешеси бар? Бул жерде дагы суроо бар. Арызданса алар мага келишмек, ал жакта эмне болуп жатканын мен билем. Дин комиссиянын директору болсом, албетте алар мага келип айтышмак.
Ошону менен таркап кеткенбиз. Эртең инаугура́ция өтөт деп жатканда Бурханов шайлоо өткөргүлө деген тапшырма берет. Анан мен "эртең инаугура́ция болгон атса, анан кайдагы шайлоону өткөрөбүз, өткөрбөйбүз токтоткула" деп аны токтотом. Ошондон кийин Бурханов эмне кылганын билбейм.
- Сиз саясий иш деп айткандарыңызга ушул окуяларды жүйөө келтирип жатасыз демек..
- Ооба, бул иш саясий иш болуп калганы ушул айтылгандардан эле көрүнүп турат. Андан кийин муфтийге катылганы мага ар кайсы милициялар келе баштады. Мен аларга "ал жакка кийлигишпегиле, киришпегиле" дедим. Аларга "президент ал мекемеге эч кимиңер кийлигишпегиле деп айткан" деп презиенттин сөзүн жүйөө келтирдим.
"Муфтийди биз сый-урмат менен жөнөтөбүз" деп айтканмын, менин ал айткан сөзүм жакпай калды көрүнөт, анан президентке эмне деп айтып барышкандарын билбейм. Анан эле мен кызматтан алындым. Бирок чынында бир жагынан кызматтан алынганыма да таң калып калдым. Мейли мен кызматка жабышпайм, кызмат ордумду бошотуп бердим. Мен кызматты бошоткондон кийин УКМК кызматкерлери имаратка кирип тинтүү жүргүзүштү.
- Негизи мыйзам боюнча УКМК ушундай тинтүү иштерин кайсы учурда жүргүзө алат?
УКМКнын муфтиятка киргенге кандай тиешеси бар, эң кызыгы ушунда. Алардын текшергенге эч тиешеси жок болчу. Эгер элдер арызданса, аларга эмес Финполго же ИИМге кайрылмак. Текшерүүнү ушул мекемелер кылышмак. Ал жакта бир да жабырлануучу жок. Экинчиден текшерүүгө алардын акысы жок, ошондой эле текшергиси келсе, соттун уруксат кагазы керек болчу. Бул жерде прокурор да ката кетирген, сот да ката кетирген. Анткени алар токтом чыгарып беришкен.
Эмне үчүн тинтүү болду, анткени ал жакка мамлекеттик кызматкер деп жазылыптыр. Бул мамлекеттик кызматкер эмес да. Эмне үчүн кызматтык абалынан кыянаттык деп жазган себеби УКМКнын тергөө абагына тартыш үчүн ушинтип жаздырышкан. Ошентип статьяны жазууда да бурмалоо болгон. Мына ушул жерден да бул окуянын саясий чечим экенин түшүнсөк болот. Эгер менчикке биз кирип жатабыз деп жазганда, анда УКМКнын кызматкерлери ал жакка кире албайт болчу, Бурханов аларга команда бере албайт болчу.
Эмне үчүн мен буларды укук коргоочу, жактоочу катары тике айтып жатам. Себеби мен эч нерседен коркпойм, жумушума да жабышпайм. Мени өздөрү алып келишкен. Садыр Жапаров өзүм койгонмун деп мени мактап атып, кайра кызматтан эч түшүнүксүз алып койду. Ал жок дегенде мени жакын киши катары чакырып, айтса болмок да. Азыр да айтам Садыр Жапаров өзү айткан сөзүнө өзү каршы чыгып, коррупционерлерге жол ачып берип жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.
Ал эми бүгүн, 11-февралда экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышты.














1 |