Вице-мэр: "Эртең ата-энелер менен мектептерди, бала бакчаларды ачуу боюнча жыйын өткөрөбүз"
Бишкек шаардык мэриясында борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өттү. Ага шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, вице-мэрлер жана муниципалитеттин кызматкерлери катышууда.
Жыйында шаар жашоочулары мектептерди толук ачуу боюнча көп кайрылып жатышканы айтылды.
"Эмне үчүн калаадагы мектептерди ачпай жатабыз? Өлкөдө эң көп калк жашаган аймак Бишкек шаары. Ошондуктан этап менен мектептердеги класстарды окутуп жатабыз. Буга чейин мектеп окуучуларынан коронавирус илдети аныкталган. Ал мектептер толук жабылып, абалды көзөмөлгө алганбыз.
Биз дагы мектептерди ачууга кызыкдарбыз. Тийиштүү кызматтар уруксат берсе эпидемиологиялык абалга байкоо жүргүзүп, 1-марттан баштап мектептерди ачабыз.
Буга чейин 30га чукул ата-энелер митингге чыккан. Алар мектептер ачылсын деген талап коюшкан. Бирок бул жерде талаш-тартыш маселе бар. Кээ бир ата-энелер мектеп ачылсын дешсе, башка тарабы ачылбасын деп жатышат. Албетте, биз жалпы пикирди эске алып, анан чечим чыгарабыз.
Эртең, 11-февралда жыйын өткөрөбүз. Ага Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги, Билим берүү министрлиги, мектеп директорлору, бала бакча жетекчилиги жана ата-энелер комитети катышат", - деди вице-мэр Айжан Чыныбаева.
Мындан тышкары азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнө кайсы вакцина келери дагы чечиле электигин, бул маселе март айынын аягына чейин чечилерин айтты.



1 |