Чүйдө турак үйдөгү жарылуудан 79 жаштагы аял жана 16 жаштагы өспүрүм жаракат алды




Бүгүн, 11-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районунда турак үйдө газ түтүгү жарылып кетти. Кырсыктын кесепетинен 13 жаштагы бала каза болуп, 1 жаран жаракат алып ооруканага жеткирилгенин ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан кырсыктын кесепетинен жалпы 3 адам жабыркаганын, анын бирөө каза болгонун, экөө ооруканага жаткырылганын билдиришти.
"79 жаштагы П.Г. аттуу аял "Тез жардам" кызматы менен Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди, учурда тиешелүү медициналык кароодон өтүп жатат.
Ал эми 16 жаштагы Ш.Х. шаардык балдар ооруканасына колу, буту сынган деген алдын-ала диагноз менен жеткирилди", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jacob.

11.02.2021. 18:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка жактан 14 жашар деп өспүрүм деп окудум эле, эмнеси болсо да жаткан жери жайлуу болсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.