super.kg logo

Казакстанда бир үй-бүлө өрттөн каза тапты

 

Казакстанда жеке турак үйдөн өрт чыгып, төрт адам набыт болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү таң эрте өрт өчүрүү кызматынан Магжан Жумабаев аймагындагы Булаево калаасында жыгачтан салынган үй өрттөнүп жатканы тууралуу кабар келип түшкөн.

"Куткаруу кызматы келгенде үйдүн чатыры күйүп, коюу түтүн чыгып жаткан. Көп узабай газ баллон жарылып, чатыр оодарылып түшкөн. Кырсыктын кесептетинен 1993-жылы туулган үй ээси, 1992-жылы туулган анын жубайы, 2017-жылы туулган алардын уулу жана бир аял кайтыш болгон. Өрт эки сааттан кийин чектөөгө алынып, жети сааттан соң толугу менен өчүрүлдү", -деп айтылат маалыматта.

Каза болгон үй-бүлөнүн бир кызы чоң энесинин үйүнө түнөп келүү үчүн кетип, аман калган. Учурда кыз менен балдар психологу иштеп жаткандыгы айтылат. Ошондой эле өрттүн келип чыгуу себептери такталып жаткандыгы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: