super.kg logo
  Саясат  

Самара Каримованын арызын канааттандырган Биринчи Май райондук сотунун чечими жокко чыгарылды

 

Биринчи Май райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын арызын канааттандырган чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, жаштар жана саясий иштери министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, министрликтин Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата даттануу арызы 10-февралда Бишкек шаардык сотунда каралды. Анда министрликтин даттануу арызы канааттандырылып, Биринчи Май райондук сотунун чечими жокко чыгарылды.

Окуянын чоо-жайы:

15-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалган. Ал 2018-жылы аталган окуу жайга жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

Ал арада Маданият, маалымат жана туризм министрлиги (азыркы Маданият, маалымат, жаштар жана саясий иштери министрлиги) Самара Каримованын арызын канааттандырган Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата даттануу арызын жазып, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Соттук отурум 3-февралга белгиленген.

Бирок эмгек жамааттын нааразычылыгынан улам Самара Каримова 25-январда кызматтан аргасыз баш тарткан. Ырчы кызматтан баш тарткан күндө деле соттук отурум өтөрү маалымдалган.

Кийинчерээк, Оштогу музыкалык окуу жайга 3 айлык мөөнөт менен Ильязбек Ташболот уулу директор болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: