Биринчи Май райондук сотунда экс-муфтийдин боштондугун талап кылган митинг уланууда
Бишкекте Биринчи Май райондук сот имаратынын алдында экс-муфтий Максат ажы Токтомушевдин бошотулушун талап кылган митинг өтүп жатат. Ага 50гө чукул адам катышууда.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Акин Токталиевдин SUPER.KG порталына билдирген маалыматына ылайык, Максат Токтомушев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бирок анын пикиринде, бул иш боюнча мурдагы муфтийдин күнөөсү бар экендигин тастыктаган далилдер жок.
"Муфтий мамлекеттик кызматкер эмес, ошондуктан ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалана албайт. Мындан тышкары, иш боюнча Токтомушев мыйзамды бузду деген бир дагы билдирүү жок", - деди Токталиев.
Белгилей кетсек, бүгүн, 11-феврлда сот Максат ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын карайт.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган. Ошондой эле бүгүн экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.





1 |