super.kg logo

Ош шаарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иш чаралары өтүп жатат (сүрөт)

 

Ош шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн кызматкерлери, социалдык өнүгүү башкармалыгы, муниципалдык аймактык башкармалыктары, дарыгерлер борбору, милиция кызматкерлери менен биргеликте 2-февралдан тарта шаар аймагындагы балдарды коргоо, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды алдын алуу максатында көзөмөлдөө иш аракетин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, анда түзүлгөн жумушчу топ шаар тургундары менен пикир алышып, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктап, үймө-үй кыдырып жатышат.

"Бул иш аракет Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин 2020-жылдын 29-декабрындагы № 20-81 санынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары жөнүндө» протоколунун 1-пунктун аткаруу максатында Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 2-февралындагы №10-б буйругунун негизинде жүргүзүлүп жатат. Аныктоо иш аракеттери 2021-жылдын 18-февралында жыйынтыкталат", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: