Жалал-Абад облусундагы чек ара чыры боюнча эки тарап жолугушуу өткөрдү
Бүгүн, 11-февралда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кара-Белес жерлигинде Кыргыз өлкөсүнүн Ала-Бука багыты жана Өзбекстандын Пунган багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кадастр органдарынын адистери жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан.
"Жолугушуу аталган райондун Кара-Белес жерлигиндеги кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара сызыгынан өтүүсүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда түзүлгөн Келишимдин негизинде тактоо максатында болуп өттү.
Адистердин жеринен чек ара сызыгын тактоо боюнча иш алып баруу учурунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кош-Болот жерлигиндеги 40ка жакын жергиликтүү жашоочулар топтолуп, аталган аймактагы чек ара сызыгынан өтүүсүнө өздөрүнүн макул эместигин билдиришкен. Кырдаалдын күчөп кетпөөсүн эске алып чек ара сызыгынан тактоо иштерин токтотуп, чектешкен аймактагы жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Азыркы учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу", - деп айтылат маалыматта.




1 |