super.kg logo

Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар башталды

 

«Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппарттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 120 жылдыгын жогорку улуттук деңгээлде майрамдоо максатында токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

— Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;

— көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: