Ошто окуучуну бычактаган шектүүлөрдүн биринин милициянын унаасына чыгып алып бийлеген видеосу тарады

11-февралда Ош шаарында эки окуучу бычакталып, анын бири каза болуп калганы маалымдалган. Кийинчерээк шектүү катары Б.у.Н аттуу бала кармалган.
Социалдык тармактарда милициянын унаасынын үстүнө чыгып алып бийлеген баланын видеосу тарады. Ош ШИИБи бул окуучуну бычактаганга шектелип кармалган балдардын бири экенин айтты.
"Аталган окуяга шектелип кармалган Б.у.Н. аттуу бала. Видео 8-февралда тартылган. Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы чакыруу боюнча Кара-Суу көчөсүнө барышып, дарек боюнча кирип кетишкенде бул бала машинанын үстүнө чыгып бийлеп, аны жанындагылар видеого тарткан. Учурда бул боюнча дагы иликтөө иштери башталды", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
1

Тик-токтун, хайптын эбегейсиз пайдасы чон бул жерде...