super.kg logo

Ош шаарына барганына 5 күн болгон. Ош ШИИБи окуучуларды бычактаган окуянын чоо-жайын айтты

 

11-февралда Ош шаарында эки окуучу бычакталып, анын бири каза болуп калганы маалымдалган. Кийинчерээк кылмышка шектүүлөр изделип жатканы кабарланган.

Андан кийин шектүү катары 3 бала кармалган. Бүгүн, 12-февралда Ош ШИИБи бул окуя боюнча кененирээк маалымат таратты.

"Шектүү катары 3 бала кармалды. Алардын баары мектепти окубай таштап салышкан. Буга чейин баланы бычактаганы кармалса, азыр анын жанындагы экөө кармалды. Алар 2006-жылы туулган У.Б. жана 2005-жылы туулган Б.у.Н. Балдар Бишкек шаарынын Дордой конушунун жашоочулары. Ош шаарына барганына беш күн болгон. Үчөө тең 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган жаңы жагдайлар болсо, кошумча маалымат беребиз", - деди басма сөз кызматынан.
Буга чейин шектүүлөрдүн биринин милициянын кайгуул кызматынын унаасына чыгып алып бийлеп жаткан видеосу тарады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.02.2021. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Адамды атайылап олтургондорду куноосу толук аныкталса анда озун да олум жазасына буйуруш кк. Ушундай закон кабыл алынса жакшы болмок. Педофильдерге, мамлекетке ири суммада зыян келтирген коррупциенерлерге, адам олтургондорго олум жазасын киргизип салса мен каршы эмесмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: