super.kg logo

Бишкекте маршруттук таксиде телефон уурдаган жаран кармалды

 

Бишкекте маршруттук таксиде телефон уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү Бишкек ШИИББинин “102” кызматына болжол менен саат 19:45 чамасында Горький жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен чөнтөк телефонумду уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кызматкерлер келип, маалыматты тактаганда 1975-жылы туулган Т.А. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын ичинен арыз ээсинин чөнтөгүнөн баасы 30 миң сомдук телефонун белгисиз жарандар уурдап кетишкен. Ыкчам-изилдөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.У. аттуу жаранды кармашып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: