super.kg logo
  Саясат  

Депутат Аалы Карашев: "Кадрлар тажрыйбасына, кесипкөйлүгүнө каралып, кызматка коюлса туура болот". АПТАСОБОЛ

 

Кечээ, 11-февралда президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясына маек берген. Анда ал Эрмек Нургазиев мэрдин милдетин аткаруучу болгонго чейин анын былык иштерин билген эместигин айтты. Муну трагедия кылуунун кереги жоктугун билдирди. Ал кадрлар күн сайын эмес, саат сайын алмашыш керектигин белгиледи.

9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин болуп Эрмек Нургазиев дайындалганы кабарланган. Бирок арадан 4 саат өтпөй анын мэрлик кызматтан кеткени желдей тарап, президент Садыр Жапаров дагы Нургазиевдин мэр болушу жөнүндө оюнан кайтканын соцтармактагы баракчасына жарыялаган.

SUPER.KG порталы "Президент ылайыксыз кадрлар келсе, саат сайын алмашыш керектигин айтты. Кадрлар ылайыктуу келиш үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутат Аалы Карашев президенттин кадрларды саат сайын алмаштырыш керек дегенин түз кабыл албоо керектигин белгиледи.

"Кадрларды кызматка коюу үчүн тандоо алдында терең көп тараптуу изилдеш керек. Ким, кайда иштеген деп талдап чыгуу шарт. Сөзсүз түрдө кадрды кызматка дайындаганда мүмкүнчүлүккө жараша иш тажрыйбасы бар, кесипкөй адамдарды тандоо зарыл. Ошондо кадрларды кайра-кайра алмаштыруу басаңдайт эле. Президент кадрларды саат сайын алмашыш керек деп айтканын түз кабыл албоо керек. Ал киши кадрлардын мүчүлүштүк кетирген жоруктары болсо алмаштырыш керек деген ойду айтты болуш керек", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: