super.kg logo

Японияда жалгыздык министрлиги негизделди

 

Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга аймактык өнүгүү министри Тэцуси Сакамотону бир эле мезгилде жалгыздык министри кылып дайындады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башкы катчысы Кацунобу Като Токиодо өткөн маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Япон өкмөтүндө жалгыз калган тургундардын көйгөйлөрү үчүн жооптуу министрдин кызматы биринчи жолу пайда болду. “Бул дайындоонун максаты жөнүндө сөз кыла турган болсок, биз социалдык көйгөйлөрдү, башкача айтканда, төрөт деңгээли төмөн коомдун картайышынан улам келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө сөз кылабыз. Буга биринчи кезекте аялдар жана жаштар арасындагы суицид көйгөйү дагы кирет",- деди Като.

Башкы катчынын айтымында, өлкөдө жалгыз жашаган тургундардын көйгөйлөрү пандемия учурунда курчуп кеткен. 2020-жылы Японияда өзүн-өзү өлтүрүүлөрдүн саны акыркы 11 жылда биринчи жолу көбөйүп, 2019га жетти. Эксперттердин айтымында, эпидемия учурунда жумуштун жоктугу, балдарга жана үйгө кам көрүү түйшүгү стресстин деңгээлин жогорулаткан.

Буга чейин жалгыздык менен күрөшүү жылдын негизги тренди деп табылган. Коронавирус пандемиясынын башталышы менен дүйнөдөгү жалгыз адамдардын саны өскөндүгү жана ден соолуктун психологиялык көйгөйлөрү көп болгондуктан жакын арада тиешелүү технологиялар пайда болушу керектигин эксперттер тарабынан айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.02.2021. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Робот жасап берип койгула жалгыздарга.Алда канча жардам берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: