super.kg logo

"Чет өлкөдөн унаа алып келем деп акчаларын алган". Бишкекте алдамчылыкка шектелип, Пакистандын жараны кармалды

 

Бишкекте алдамчылыкка шектелген чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-октябрь күнү Свердлов РИИБине Бишкек шаарынын Д.Д. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда М аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, чет мамлекеттен унаа алып келүү шылтоосу менен 231 миң сомун алган. Кийин убадасын аткарбай из жашырып качып кеткен.

Мындан сырткары, ошол эле күнү дагы Т.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсинин ишенимине алдоо жолу менен кирип, чет өлкөдөн унаа алып келип берем деп 2 миң 300 доллар акчасын алып, убадасын аткарбай из жашырып кеткен. Ушундай эле арыз менен А.А. аттуу дагы бир жаран кайрылган.

"Бул фактылардын бардыгы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон 1966-жылы туулган Д.А. аттуу Пакистандын жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: