Муфтийдин милдетин убактылуу Жоробай Шергазыев аткарат
Кыргызстан дин аалымдар башкармалыгынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруу Жоробай Шергазыевге жүктөлдү. Ал мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевдин орун басары экенин Муфтияттын басма сөз катчысы билдирди.
"Биздин устав боюнча муфтийдин милдетин аткаруу анын орун басарына жүктөлөт. Аалымдар кеңеши жаңы муфтийди дайындап бергенге чейин Жоробай Шергазыев муфтийдин милдеттерин аткарат", - дейт ал.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.
Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Биринчи Май райондук соту Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарды.

