super.kg logo

Эрнист Бөрүбаевдин, Кызсайкал, Мажиттин апасы: "Келинимдин артынан ырда деп жүрүп ырдатып алдым"

 

Биздин "Апалар сүйлөйт" рубрикабыздын кезектеги коногу орошон таланттардын ордосунда жашаган, тактап айтканда, куудул, машыктыруучу Кабыл Бөрүбаевдин жубайы, Эрнист Бөрүбаевдин, Кызсайкал, Мажит Кабыловдордун апасы Тамара Курманалиева болду. Таланттуу улан-кыздардын апасы менен балдары тууралуу кеңири маектештик.

"Балдарымдын баары эле ырдашат"

- Кудайга шүгүр, эркек балдарым көп, бир кызым бар. Баары эле чыгармачылыкка кичинесинен аралашып, таанымал болуп жүрүшөт. Эрнист уулумду билесиңер, тойлордун, жакшылыктардын жарчысы болуп жүрөт. Мурда "Бешилик" тобунда куудул болчу. Андан кийин Мажитим да кичинесинен эле эл алдына чыкты. Азыр келиним экөө жаңы дуэт жаздырып, иштеп жатышат. Буюрса, Кызсайкал кызым дагы өнөр жолунда өз жолун таап келе жатат. Анан Бекзат деген балам бар, ал көбүнчө Москвада ырдап эмгектенет.

"Жүрөгүндө чыгармачылык жашаган адам андан эч жакка кача албайт"

- Балдарымдын чыгармачылыкты тандаганын мен колдодум. Анан биринен бири чыгып эле ырдап баштаганда жолдошум каршы болгон, "баары эле ырдай береби" деп. Бирок жүрөгүндө чыгармачылык жашаган адам андан эч жакка кача албайт экен.

"Келинимди ырдатып алганым менин утушум"

- Келиним өзү абдан тартынчаак. Болбосо Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган, бир нече музыкалык аспаптарда ойнойт. Башкаларга кандай билбейм, бирок мен үчүн үнү сонун. Ырда десем эле "апа, кийин" деп эле болбойт. Акыры артынан сая түшүп жүрүп ырдатып алдым ( күлүп). Аны деле кудаларым сахнада ырдап жатканын көрсөк деп музыкалык окуу жайга окуткан да. Анан бирөөнүн эле ошентип чоңойткон кызын мен кантип ырдатпай коёюн.

"Балдарымды "сени Эрнистке айтам" деп коркутуп турам"

- Мени Эрнист алаканына салып сыйлайт. Мен ошон үчүн балдарыма абдан ыраазымын. Балдарымды "Эрнистке айтып көзүңдү чукутам" деп коркутуп турам. Мындайча айтканда, бекем үй-бүлөбүз. "Сен тигисиң, сен беркисиң" деп бөлгөнгө менин эч кандай акым жок.






Эрнист, Мажит, Кызсайкалдардын апасы Тамара Курманалиева

Автор: Гүлзада Абдрахманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(3)
12.02.2021. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эң соонун үй-бүлөө.
13.02.2021. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baary ozunun baldaryby? “Bolgongo akym jok” degenine tuwungon jokmun)
13.02.2021. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфого супер журналистер келген окшойт,акыркы кундору супер долбоорлор сунуштала башталды азаматсынар.Баягы Анжелика Самарадан арылтып мыкты конокторду чакырып жатасыздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: