Кылычбек Абышев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды
Абышев Кылычбек Асаналиевич Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Абышев Кылычбек Асаналиевич Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды",- деп жазылат билдирүүдө.
Кылычбек Абышев буга чейин өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. Ал эмгек жолун 2012-жылы депутаттын жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

