super.kg logo

№146-маршруттук каттамдын айдоочусун жумуштан алуу маселеси каралып жатат

 

Мас абалында унаа башкарган Бишкектеги №146 маршруттук каттамдын айдоочусун жумуштан алуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын алдындагы транспорт башкармалыгынын басма сөз кызматкери Бекжан Акматбеков билдирди.

"Айдоочу жумушка келип наркологиядан өткөндө таза чыккан. Ал ошол күнү 2 айлампа жасап келип, жумуштан кетиптир. Мас абалында унаа башкарган учурда ал жумуш убагында эмес болчу. Мындан тышкары, №146-маршрттук каттамдын механигине айып салынды. Ал эми аталган фирманын жетекчилиги айдоочуну жумуштан кетирүү маселесин карап жатат",- деди Акматбеков.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы №146 маршруттук каттамдын айдоочусу мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган видео тараган. Кийинчерээк, патрулдук милиция унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочусуна 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып салгандыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: